Казакстандагы учак кырсыгынан аман калгандардын саны 32 адамга жетти

Саат 17:00гө карата Казакстан жана Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин маалыматына ылайык, учак кырсыгынан кийин аман табылган жарандардын саны 32ге жетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин ооруканага 28 жаран жеткирилип, анын ичинен 26 жарандын өздүгү такталган. Калган жарандардын өздүгүн тактоо иши жүрүп жатат.

Баку — Грозный багыты боюнча учуп келе жаткан учак ичинде жалпы 67 жаран болгон.

Учурда Кыргызстандын ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору Казакстан жана Азербайжан мамлекеттеринин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлору менен ойлайн түрдө байланышып, ыкчам маалымат алмашуу жүрүүдө.