Казакстандан гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун келет

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу камсыздалышы үчүн Казакстан гуманитардык жардам катары 10 миң тонна буудай унун бөлүп берет. Бул тууралуу Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Анын айтымында, бул жардам президенттин коңшу өлкөгө болгон иш сапарынын алкагындагы келишимдердин негизинде келет.

«Тактап айтканда, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун жана 1 миң тонна күздүк буудайдын жогорку репродуктивдүү үрөнүн жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Бул жардам жакын арада келет деп күтүп жатабыз. Бүгүнкү күндө жардамга муктаж болгон адамдардын тизмеси түзүлүп жатат», — деди премьер-министр Улукбек Марипов.