Селден жабыркагандарга Казакстандан гуманитардык жардам келди

Бүгүн, 19-июлда Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам кирди. “BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN” кайрымдуулук фондунан өлкөнүн түштүгүндөгү селден жабыркаган тургундарга жардам Алматы шаарынан келди.

Негизинен жардам кайрымдуулук фондуна казак элинен чогулат. 40 тонна жардамдын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар. Аталган фонддун жетекчиси Перизат Кайрат.

Бүгүн таң эрте кыргыз журтчулугуна «Ак-Тилек» чекара өткөрмөсүнөн кирген гуманитардык жардам Ош облусун карай жол тартты.