Казакстандын желегин жулуп ыргыткан жигиттин видеосу тараган. Ал кечирим сурады

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу, Кыргыз жараны Казакстандын желегин демонстрация менен жулуп ыргытып жаткан видеороликти таратып, бул социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан ар кандай пикирлерди жараткан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде аталган видеонун автору 2003-жылы туулган жаран экени аныкталган. Буга байланыштуу ал менен түшүндүрүү-профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, жаран эмоционалдык аракеттерди жасагандыгын мойнуна алган.