Казакстандын компаниясы Нарын дарыясына төрт ГЭС курат

Казакстандын Orient Trade Investment Company компаниясы Нарын дарыясында Казарман ГЭС каскадын курууну баштайт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКтын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ведомство долбоорду ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен меморандумга кол койгон. Тараптар 5-6 жылдын ичинде казакстандык компания төрт объекттен турган Казарман ГЭС каскадынын долбоорун бүтүрөрүн макулдашты: Алабуга, Карабулуң-1, Карабулуң-2 жана Тогуз-Тороо. Каскаддын жалпы кубаттуулугу 1160 мегаватт болот. Курулушка 1 миллиард доллардан ашык каражат керектелет.