Казакстандын министри: «Кыргызстан Казакстанга сугат үчүн 330 миллион куб метр суу берет»

Казакстан Кыргызстандан 330 миллион метр куб сууну Чүй жана Талас дарыялары аркылуу алат. Бул тууралуу Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандан агып келген сууну дыйкандар сугат иштерине жумшашат. Министр суу Казакстанга товар алмашуу келишимине ылайык берилип жатканын, ага ылайык Кыргызстандын Токтогул ГЭСи сууну жайкысын коё берип, кышында электр энергиясы менен кайтарып берерин түшүндүрдү.

Ал ошондой эле Казакстан коңшу өлкөлөрдөн келген суунун агымын көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирди. Бул үчүн алар Тажикстан менен Бахри-Тажик суу сактагычынан 84 миллион метр куб суу алуу боюнча келишимге жетишкен.