Казань шаарындагы кыргызстандыктардын кайрылуусу боюнча ТИМ жооп берди

Казань шаарында такси тармагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Кыргыз жарандары өлкө башчысы Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан. Алардын айтымында, мигранттар такси кызматын көрсөтүшөт жана көп убактысын жолдо өткөрүшөт. Көп учурда аларды жол тескөөчүлөр же милиция кызматкерлери кармап, документтерин көрсөткөн учурда да коё беришпейт.

24-июлда Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы башкы консулу видео кайрылуу жасаган Кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушуунун жүрүшүндө мекендештерге болгон маселелери боюнча, атап айтканда, Орусиянын аймагында мыйзамдуу болуу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча тийиштүү консультациялар берилген. Ошондой эле Казань шаарында Кыргыз жарандары эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жерлерде орчундуу маселелерди талкулоо максатында үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилген.

«Тышкы иштер министрлиги тарабынан жогоруда аталган маселе көзөмөлгө алынды. Жакынкы арада Башкы консулдукта көтөрүлгөн маселелерди кошумча талкуулоо жана өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу үчүн видео кайрылуу жасаган Кыргыз жарандары менен жолугушуу пландаштырылууда», — деп айтылат маалыматта.