«Казылган аң толтурулду». Баткен облусунун башчысы Тажикстандын Согди облусунун төрагасы менен байланышты (сүрөт)

Кечээ, 12-август президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы аң казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан курулуш иштери боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Натыйжада Лейлек районунун Катта Туз участкасындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Лейлек районунун Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң кайрадан толтурулду.

Мындан сырткары жакынкы аралыкта чек аралаш аймактардагы жаралган көйгөйлүү маселер жана чек арадагы орун алган окуяларды алдын алуу жана болтурбоо боюнча Баткен жана Согди облустарынын башчылары баштаган эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө.