Кечээ Бишкектин айрым көчөлөрүн суу каптады. Алар кайсылар?

Кечээ, 16-май күнү саат 20:00 чамасында Бишкек шаарында жааган жаандын кесепетинен Шопоков көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралып, Жибек-Жолу менен 7-Апрель көчөлөрүн суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Жеринде аталган райондун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2 куткаруучусу ТСЖдан 2 кызматкер, МАБдан 2 кызматкер тартылган. Суунун нугу бурулуп, суу каптоо коркунучу жоюлган. Ал эми Алматы көчөсүндөгү турак үйдү суу каптап, жеринде МАБдан 1 кызматкер тартылып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Ошондой эле Көк-Жар кичи районунун көп кабаттуу үйдүн чатырынан суу өткөндүгү маалымдалган жана Анкара менен М.Элебаев көчөсүнүн кесилиштерин суу каптаган. Жеринде Октябрь райондук ӨК бөлүмүнүн куткаруучулары көзөмөлдөдү. Мындан сырткары Новгородский, Лущихин көчөсүндөгү үйлөрдүн короосун, Гагарин менен Кривоносов көчөсүнүн, Жаш Гвардия бульвары менен Л.Толстой жана Ч.Айтматов менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилиштерин суу каптаган. Жеринде Ленин райондук акими жана 1 кызматкери, №6 ӨКБдан 5 куткаруучу, Жашыл чарба ишканасынынан 5 кызматкер, 1 техника (суу сордургуч) унаасы, МАБдан 1 кызматкер тартылып, суунун нугу бурулуп, суу каптоо коркунучу жоюлган.

Манка-Жар коктусунун сел тосмосуна көзөмөл жүргүзүүгө башкармалыктын Ленин райондук ӨК бөлүмүнөн 2 куткаруучу тартылган, учурда суу өз нугунда агууда.