БШКнын алдына митингге чыккан Максат Кунакунов УКМКга суракка чакыртылды

Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Максат Кунакунов УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Укугуңузду коргоп жатып, сизде “сүйлөшүүгө” чакырылып калуу коркунучу бар. Бүгүн мени УКМКнын шаардык башкармалыгына чакырышты», — деп жазды ал. 

Кечээ, 29-ноябрда БШКнын алдына митингге чыккандардын арасында Максат Кунакунов бар болчу. Ал да шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан.