Интернетте тарап кеткен аудио сүйлөшүү менен «тоголок кат» атыккан кайрылууда ысымы аталгандардын тизмеси

Кечээ, 15-сентябрда бир катар саясатчылар суракка чакырылып, кайра чыгышты. Буга байланыштуу интернетке тарап кеткен аудио сүйлөшүү менен кайрылууда аты-жөнү аталгандардын тизмесин иретке келтирдик:

Кармалып, камакка алынды:
Курсан Асанов, ички иштер министринин мурдагы орун басары.

Суракка кирип, кайра чыкты:
Туйгунаалы Абдраимов, өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү;
Жанар Акаев, депутат;
Бакыт Жетигенов, депутат;
Канатбек Исаев, депутат;
Исмаил Исаков, экс-депутат;
Ахматбек Келдибеков, экс-депутат;
Алтынбек Сулайманов, депутат;

Суракка кирип, кайра чыкканы белгисиз:
Алмаз Сарыбаев, «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү.

Суракка чакырылганы боюнча маалымат жок:
Жылдызкан Жолдошова, экс-депутат;
Азамат Мусакеев, «Улуу Кыргызстан» партиясынын өкүлү;
Өмүрбек Суваналиев, өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы өкүлү;
Мелис Турганбаев, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы.

Жогоруда аты аталгандар ИИМге эки иш боюнча чакырылышты. Биринчиси, Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео жана бир канча маданият ишмерлеринин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу. Экөөндө тең бийликти куралдуу басып алганы айтылган.

Кечээ, 15-сентябрда сурактан чыккан Ахматбек Келдибеков кайрылуунун авторуна шилтеме берүү менен тексттин биринчи бети бурмаланганы, оригиналында саясатчылардын аты-жөнү болбогонун айтты.