Кечээ күндөн тарта өлкөгө учак менен келген Кыргыз жарандарына таза чыккан ПЦР-анализди көрсөтүүсү милдеттүү болуп калды

23-январдан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген Кыргыз жарандары үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамалары болушу милдеттүү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Аталган чечим Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүнүн алдын алуу максатындагы жогорулатылган коопсуздук чараларына байланыштуу кабыл алынган.

Эл аралык каттамдарды ишке ашырууда учактын бортунда жүргүнчүлөрдү сурамжылоо өткөрүлөт, келген учурда анкеталар санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет. Аэропортто дене табын өлчөө, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сактылышы, ПЦР-иликтөөсүнүн бардыгы текшерүүгө алынат. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда госпиталдаштыруу жүрөт.

Кандайдыр бир себептер боюнча ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамасы жок болсо, же ПЦР-тесттин мөөнөтү учуу узактыгына, же авиакаттамдын кармалуусуна байланыштуу объективдүү себептер боюнча өтүп кетсе (72 саат), ал жактар келген орду (аэропортто) боюнча тест тапшыруусу тийиш.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын Кыргыз жарандары, чет элдик жарандар, жарандыгы жок жактар автомобилдик пункттар аркылуу кесип өтүүсүндө акыркы 72 саат ичинде жасалган ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамалары болушу зарыл. Дене табы өлчөнүп, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сактылышы текшерилет. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда госпиталдаштыруу жүрөт. Контакттык жактар анкета толтуруп, обочолонууга жөнөтүлөт.