Кечээ кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кечээ, 1-декабрда саат 21:15 чамасында Баткен районунун Дахма аймагында ок атылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атышкан.

Окуяны териштирүү максатында жерине Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери барып, мылтык аткандарды чогуу издөөнү макулдашкан. Күч органдарына да кабар берилген. Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, мамлекеттик чек арадагы чагымчылдыктын алдын алуу чараларын талкуулады.