Кечээ түнү жана бүгүн өлкө аймагында бир нече жолу жер титиреди

Кечээ, 24-январда бир нече жолу жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Түнкү саат 1:11де Кытайдын аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын толкуну Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2,5 баллга, Кажы-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ал эми кайрадан саат 2:38де Кытайда очогунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында 3 баллга (Ыштык айылынан 64 чакырым түштүк чыгышта, Кажы-Сай айылынан 165 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Ошондой эле эртең мененки саат 8:39да өлкө аймагында күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын районунун Жерге-Тал, Казан-Куйган, Тегерек, Оттук, Кызыл-Жылдыз айылдарында 3 балл, Ылайлы-Суу, Шоро, Жан-Булак, Эмгекчил, Ак-Талаа, Эчки-Башы айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Кайрадан саат 10:59да Кытайда очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн толкуну Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.