Кечинде «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү пункту эки саатка жабылат

Бүгүн, 15-апрелде кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Жүргүзүлүп жаткан техникалык иштерге байланыштуу кечки саат 18:00дөн 20:00гө чейин мамлекеттик чек арадан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.