«Кечирүүгө даярмын». 3 баласын жалгыз баккан ата алардын куса болуп жатканын айтты

Биздин бул жолку каарманыбыз балдарын жалгыз баккан 39 жаштагы ата. Нурсадык Ураимов мындан 2,5 жыл мурун ооруга кабылганын, мындан улам аны 3 баласы менен жубайы таштап кеткенин, ошол күндөн бери балдары үчүн эне да, ата да болуп жатканын айтат. “Жубайым кайтып келсе кечирүүгө даярмын” деген каарманыбыздын баяны видеодо. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0990 12 78 88.

«2 жылдан бери жубайымдан кабар жок. Балдар сагынганын айтышат. Бирок чалсак албайт. Жашообузга эжеси киришчү. Балким эжеси «телефон алба» дейби, билбейм. Мен жубайымды жакшы көрүп, алганмын. Ал деле мени жакшы көрчү. Азыр деле жакшы көрөм, балдарымдын апасы. Кечирүүгө даярмын. Салтанат, балдарды келип, көрүп кет. Алар куса болуп жатат. Күтөбүз.

Ооруганга чейин курулушта иштечүмүн. Кечинде эле кетүүгө камынып, аялдамага чыктык. Ошол жерде кулап калдым. Ооруканага алып барышыптыр. Туберкулез дешти. 2,5 ай ооруканада жаттым. «Оор нерсе көтөрсөң, өпкөң айрылып кетет» дешти. Жабык түрү, бирок оор өттү», — деди ал.