Кечке маал Бишкектеги борбордук аянт тарапта унаалардын жүрүшүнө чектөө болот

Бүгүн, 26-августта саат 17:00-22:00 аралыгында Бишкектеги борбордук аянттагы жана Турдакун Усубалиев атындагы эски аянттагы айрым көчөлөр жабык болот. Бул Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдык көрүү иштерине байланыштуу. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Борбордук аянтка чектеш көчөлөр: Чүй көчөсүнүн Орозбеков көчөсү менен кесилишкен бөлүгүнөн тартып, Эркиндик бульварына чейинки аралык. Ал эми Турдакун Усубалиев атындагы аянттын Абдумомунов көчөсү Орозбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен тартып, Эркиндик бульварына чейинки аралыгы убактылуу жабык болот. Ошондой эле эртең Турдакун Усубалиев атындагы аянт (эски аянт) кечке чейин жабык болорун эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.