КЭДП Боршайкомдун үстүнөн сотко арызданды

Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясы Боршайкомдун партияны шайлоодон четтетүү чечиминин үстүнөн Бишкектин административдик сотуна кайрылды.

Эскерте кетсек, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо учурундагы мыйзам бузуулары үчүн саясий уюмду шайлоодон четтеткен. 24-апрелде БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын бул чечимин колдогон.

Боршайкомдун үстүнөн жазган арызында партия Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясын шайлоодон алып жатып, «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча» Мыйзамынын 15, 28, 38, 44-беренелерине таянган, бирок келтирилген беренелердин эч биринде  Аймактык шайлоо комиссиясына шайлоочулардын талапкерлердин тизмеси үчүн берилген добуштарын  жокко чыгарууга жана айрым бюллетендерди жараксыз деп табууга укук бербейт,, айрыкча добуш берүү күнүнөн кийин» деп көрсөткөн.
Партия соттон Боршайкомдун 24-апрелдеги чечимин жараксыз деп таап, жокко чыгарууну өтүнөт.