Кел-Суунун сулуулугун даңазалаган Айсулуу!

Балбан Айсулуу Тыныбекова соцтармактагы баракчасына Кел-Суунун сулуулугун даңазалаган билдирүү менен коштолгон видео жарыялады.

«Мен азыр спорт аркылуу ушул даражага жеткениме, жердештеримдин сый-урматына ыраазы болдум. Кел-Сууга баруу менин ар дайым кыялым болчу, мага ишенип, кыялыма жетүүгө жардам берген адамдардын колдоосунун аркасында ушул жылы ишке ашты. Бул сыйкырдуу жер өзүнүн кооздугу менен таң калтырды. Биздин өлкө кооз жерлерге бай, ошондуктан жыл сайын Кыргызстаныбыздын жаңы, көрө элек жерлерин өзүм үчүн ачууну максат кылып койдум. Мекенибиз баалуу жаратылыш жана кооз жерлерге бай. Келечектеги муундар бул жерлерди көрүшү үчүн жаратылышты сактоо зарылдыгын эстен чыгарбоо керек», — деп жазылат билдирүүдө.