Келерки аптада Төө-Ашуудагы туннель 10 саатка чейин жабылат

Кийинки жумада Төө-Ашуудагы туннель 10 саатка чейин жабылат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, буга жаңы асфальт төшөө иштери себеп болот. Буга байланыштуу унаалардын өтүүсүнө 10 саатка чейин убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Буга чейин эбак эскилиги жетип, аң-чөнөккө толгон туннелдин жолун жана анын ичин оңдоо иштерин тездетүү тапшырмасы берилген. Министр Тилек Текебаев: «Элдин кайрылуусу менен жеке өзүм да жерине бир нече ирет барып, курулуштун жүрүшүн өз көзөмөлүмө алгам. Иштер жыйынтыкталып, жолго асфальт жаткыруу жумуштары гана калды. Мындан улам, кыргызстандыктарга кайрылып, убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранам. Жолдун жабылуу убактысы кийинчирээк айтылат», — деп билдирди.

Министр Тилек Текебаев жаңы асфальтты 2 жуманын ичинде бүтүрүүнү тапшырды. Учурда туннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо, сырдоо процесси аяктап, туннелдин бетон плиталарын алмаштыруу жумуштары жыйынтыкталды.