«Келин мас абалында болгон». Айдоочу тарабынан төрөтканага жеткирилген келин тууралуу дарыгер маалымат берди

Кечээ, 7-июлда соцтармак колдонуучулары Бишкекте №214 кичи автобустун айдоочусу кош бойлуу келинди төрөтканага чейин алып барып, таштап кеткенин жазып чыгышып, видео менен бөлүшүшкөн.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ошол каттамдын айдоочусу Азамат Рысалиев менен окуя тууралуу маектешип, келиндин унаага жүргүнчү катары отурганын, орто жолдо ичи ооруп баштаганын, жүргүнчүлөр келиндин толгоосу келип жатканын билдиришип, жакынкы төрөтканага жеткирип коюшканын айтты.

Ал эми редакцияга төрөтканадан келин жеткирилген учурда мас абалында болгонун айтышты. «№214 каттамдын айдоочусу тарабынан жеткирилген келин мас абалында болчу. Ичи ооруп жатканын айтты. Дарыгерлер келинге кароо жүргүзүштү. УЗИге да түшүрүштү. Өзүңүздөр билгендей, боюнда бар же жогун УЗИден өткөрүп текшерүү эң ишеничтүү. УЗИ боюнда жогун көрсөттү. Анан төрөткананын дарыгерлери Тез жардам чакырып, өткөрүп беришти», — дешти төрөтканадан.