«Келиндин колунан чай ичип отурчу мезгилде турмушка чыкпай эле койсом болмок» дейт келин

Каарманыбыз Гүлчахра Сейитова 14 жашында турмушка чыккан. Анын айтымында, жолдошу каза болуп, 3 баласын бут кийим оңдоп, талаада иштеп жалгыз баккан. “9 жылдан кийин турмуш жаңырттым. Ал жолдошумдун экинчи аялы болуп тийдим деп ойлогом, көрсө, төртүнчү аялы экем” деген каарманыбыздын баянын уктук.

Анын айтымында, улуу баласынын сунушу менен экинчи жолу турмушка чыккан. 3 жыл өткөндөн кийин өзүнүн төртүнчү аял болуп тийгенин билген. Келин азыр ал адамдан экинчи жолу бала күтүп жатат, бирок жардам сурабайт. Анткенин жолдошунун акчасы мынча көп үй-бүлө бакканга деле жетпейт.

«Биринчи турмушумдан улуу балам 20 жашта. Азыр экинчи жолдошумдан боюмда бар. Келиндин колунан чай ичерде кайра турмушка чыкпай эле койсом болмок деп сиздерге кайрылдым. Учурдан пайдаланып кыздарга кайрылат элем. Адашып 2-аял болуп турмушка чыкпагыла. Андан көрө балдарды чоңойтуп, ысык чайын ичип отурган жакшы экен», — деди ал.