Кеминде 3,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кеминде 3,5 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кемин райондук сотунун 2014-жылдын 9-декабрындагы чечими менен жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу аркылуу Кемин районунун Орловка шаардык мэриясынын аймагындагы 3,5 гектар жайыт жер тилкеси жарандардын бирине жеке менчик укугу катары бекитилген. Кийинчерээк 2019-жылдын 31-июль күнү райондук прокуратура Кемин райондук сотунун жогорудагы чечимине каршы Чүй облустук сотуна апелляциялык сунуш менен кайрылган. Анда Чүй облустук сотунун 2019-жылдын 30-сентябрындагы аныктамасы менен райондук прокуратуранын апелляциялык сунушу канааттандырылып, Кемин райондук сотунун 2014-жылдын 9-декабрындагы чечими жокко чыгарылган.

Мындан улам, Жогорку Соттун 2020-жылдын 11-февралындагы токтому менен жерге ээлик кылган жарандын өкүлүнүн Чүй облустук сотунун 2019-жылдын 30-сентябрындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылып, 2021-жылдын 18-мартында Кемин райондук прокуратурасы тарабынан Орловка шаарынын мэрине мыйзам бузууларды четтетүү жана көрсөтүлгөн жер тилкени баланска кабыл алуу жөнүндө талап берилген. Ага ылайык, 23-мартта Кемин районунун Орловка шаарынын мэриясы прокуратуранын талабын аткарып, жогорудагы көрсөтүлгөн жер тилкени баланска кабыл алды.