Кеминде 5 айылдын окуучулары үчүн жаңы автобус сатып алынды

Кеминде 5 айылдын окуучулары үчүн жаңы автобус сатып алынды. Бул тууралуу Кемин райондук администрациясынан маалымдашты.

«Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 5 айылынан (Саз-Булак, Дорожный, Чолок, Жел-Арык, Кыз-Күйөө) 133 окуучу Кызыл-Октябрь айылындагы мектепке келип билим алышат. Айылдар чакан болуп, окуучулар аз болгондуктан, бул айылдарда мектеп жок. Окуучуларды айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган автобус ташыйт. Бүгүн, 12-февралда балдардын кубанычында чек жок болду, анткени эскилиги жеткен унаанын ордуна жаңы автобус келди. Унааны жергиликтүү бийлик 6 миллион 250 миң сомго сатып алып, балдарга шарттар түзүлдү», — деп жазылат маалыматта.