Кеминде жаңыдан эмгек жолуна аттанып жаткан мугалимдерге акчалай сыйлыктар берилди

Кемин районунун акими Алайбек Жумаевдин атынан жаңыдан эмгек жолуна аттанып жаткан жаш мугалимдерге акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аталган райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-августта август кеңешмеси болуп өткөн. Ага 300гө жакын мугалимдер, тарбиячылар катышкан.

«Иш-чаранын соңунда келип түшкѳн сунуш-пикирлердин негизинде резолюция кабыл алынып, тиешелүү тараптарга аткарууга жөнөтүлдү. Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан «Жаңы окуу окуу жылга мыкты даярдыктагы мектеп» номинациясында Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебине диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды. Ошондой эле райондун акими Алайбек Жумаевдин атынан жаңыдан эмгек жолуна аттанып жаткан жаш мугалимдерге акчалай сыйлыктар тапшырылды»,- деп айтылат маалыматта.