Кеминде жаштары дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерин сатып алып, жок кылышты

Кеминдеги эки айылдын жаштары дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерин толук сатып алып, жок кылышты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.

Алар мындай кадамга соңку жуманын ичинде алкоголдук ичимдиктен улам адам өлүмү менен аяктаган эки окуядан кийин барган. Ильич жана Жаңы-Жол айылдарынын жаштары 200 миң сомго жакын акча топтоп, ага дүкөндөрдө сатылып жаткан 600 литрдей алкоголдук ичимдиктерди алып, жок кылышкан.

“Ал эми дүкөндүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүрүп, алар мындан ары спирт ичимдиктерин сатпоого макул болушту”, — деп билдирди Ильич айылынын башчысы Ильяс Исмаилов.

Чүй ОИИБ соңку аптада Ильич айылында спирт ичимдигинен улам эки кылмыш иши катталганын тастыктады. Биринчи окуяда 49 жаштагы киши мас болуп 66 жана 61 жаштагы эки фермерди 3 күн бою сабап, жыйынтыгында 61 жаштагы киши каза тапкан. Экинчи окуяда ичип отурган 40 жана 38 жаштагы кишилер мушташа кетип, бирөө көз жумган.