Кеминде контейнер менен тосулган жер тилке ипотекалык компанияга өтөт

Кеминде мамлекетке кайтарылган жерде ипотекалык негизде бериле турган үйлөр салынат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов жазды.

Чүй облусунун Кемин районунда убагында менчикке мыйзамсыз чыгарылып, жакында мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жер тилкесинде Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курат. Турак үйлөр 9 кабаттан болот. Бул жер Кемин шаары деп аталат. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөөгө батирлер берилет. Мамлекетке кайтарылган бул жер тилкеси Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт. Тийиштүү чечимди мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алды.

Компания курулуш иштерине 2025-жылдын март-апрелинде киришет. Турак-жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Кемин районунда жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен 353,3 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирген.