Акыйкатчынын айтымында, спикер Кемпир-Абад маселеси боюнча бүгүн активисттердин, журналисттердин үйлөрүндө тинтүү иштери, алардын суракка чакырылып жаткандыгы боюнча Акыйкатчы институту кандай иш жүргүзүп жатканын сурады. «Акыйкатчы катары окуяга калыс пикири кандай, адам укуктары сакталып, кандайдыр бир кыйноо же адамгерчиликсиз мамиле болгонбу, баардыгында өзүлөрү ишеним көрсөткөн адвокаттары барбы жана башка стандарттардын сакталышын сурады. Адам укуктарынын сакталышына, Омбудсмендин макамынын алкагында мониторинг иштеринин жүргүзүү менен бирге жыйынтыгын ыкчам парламентке билдирүүсүн айтты. Кандайдыр бир басым, же ишмердүүлүгүбүздү чектөө, токтотуу боюнча сөз да, аракет да болгон жок. Нурланбек Тургунбековичке ишибизди туура түшүнүү менен бирге, жалпы элибиздин өкүлү катары адам укуктарынын так сакталышына кызыкдар болуп бүгүн ыкчам маалымат алганына терең ыраазычылык», — деп жазылат акыйкатчынын билдирүүсүндө.
Кемпир-Абад: Акыйкатчы Атыр Абдрахматова спикер Нурлан Шакиевге ыраазычылык билдирди
Бүгүн, 23-октябрда акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге жолугуп чыкканын соцтармактагы баракчасына жарыялады.
- Categories: КООМ
Related Content
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө
Автор
Эдита Ильясова
17:02 12.03.2026
Предметке карабайт... Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт
Автор
СЕРЕП МЕДИА
16:51 11.03.2026
Бишкек-Ош жолу ачылды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
11:55 11.03.2026
Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:36 11.03.2026
Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет
Автор
СЕРЕП МЕДИА
15:58 10.03.2026