Кемпир-Абад иши боюнча 8 адам камакта калтырылды

Кемпир-Абад деп аталган иш боюнча сегиз айыпталуучу камакта калтырылды. Бул тууралуу журналисттерге юрист Нурсултан Жаныбеков билдирди.

Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Жактоочулар Биринчи Май райондук сотунун 2023-жылдын 19-июнундагы чечимине каршы даттанышкан. Алар сегиз айыпталуучунун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү суранышкан. Соттук коллегия райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Алар 15-августка чейин камакта болот. 

Активисттер Али Шабдан, Айданбек Акматов, Эрлан Бекчоро уулу, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Тимур Махмудов, Айбек Бусурманкулов жана Акыл Айтбаев камакта калтырылды.