Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар СИЗОдо ачкачылык жарыялашты

«Кемпир-Абад иши» деп атыккан окуянын алкагында кармалып, учурда СИЗОдо болгондор ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди.

Алар эмне үчүн ачкачылык жарыялаган себебин түшүндүрүшүп, буга судьянын мыйзамсыз аракети түрткү болгонун билдиришти.

«21-августта судья Сыдыковдун кезектеги мыйзамсыз аракеттеринен кийин биз аргасыз ачкачылык жарыялоого мажбур болдук», — деп айтылат.