Кемпир-Абад маселеси боюнча 48 саатка кармалгандар тууралуу маалымат

Саат 17:00гө карата Кемпир-Абад маселеси боюнча 48 саатка камалгандар тууралуу маалыматты «Кылым шамы» коомдук фонду бөлүштү. Буга чейин Ички иштер министрлигинен бийликти мыйзамсыз басып алууга шектүү деп айыпталып жаткандар кармалганын билдиришкен.

— Равшан Жээнбеков;
— Рита Карасартова;
— Асия Сасыкбаева;
— Али Шабдан;
— Таалай Мадеминов;
— Улугбек Маматаев;
— Чыңгыз Капаров;
— Перизат Суранова.