Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 28-апрелде эл дагы чогулат

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 28-апрелде эл дагы чогулат. Бул тууралуу бүгүн уюштуруучулардын бири айтты. «28-апрелде Камчыбек Ташиевди суу сактагычтын жээк боюна ооз ачарга чакырабыз. Чек ара боюнча башка суроолорду да беребиз», — деди ал.

Бүгүн, 25-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: «Кемпир-Абадды бербейбиз, ушул бойдон калсын деп жатасыңар, туурабы? Макул. Бул каалоону четке кага албайбыз. Суу сактагычты бербейбиз дедиңерби, демек, бербейбиз», — деди ал.