Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетинин айрым мүчөлөрү милиция бөлүмүнө жеткирилүүдө

Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетинин айрым мүчөлөрү милиция бөлүмүнө жеткирилүүдө. Буга чейин алар үйүндө тинтүү жүрүп жатканы кабарлашкан болчу.

Укук коргоочу Рита Карасартова массалык башаламандык уюштурууга айыпталууда. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова кармалууга даяр болуп, атайын жылуу кийинип чыккан. Ал Биринчи Май райондук милициясына жеткирилди. Бул тууралуу жактоочу Чынара Жакупбекова билдирди.

Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов Октябрь райондук милициясына жетирилди.