«Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүүнү токтотуу керек». Оппозициялык кыймыл билдирүү таратты

«Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүүнү токтотуу керек». Оппозициялык Бириккен демократиялык кыймыл билдирүү таратты.

«Жогорку Кеңештин Эл аралык, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 10-октябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Бийлик бул маселени талкуулоодо Конституцияны, Жогорку Кеңештин Регламентин одоно бузду. Адегенде парламенттик угуу деп баштап, андан кийин коомдук талкуу деп, аягында комитеттин жыйыны болуп чечим кабыл алынды. Кемпир-Абад суу сактагычы жана ал жерден өткөн Кыргыз Республикасынын чек арасы буга чейин эч качан талаш-тартыш болгон эмес», — деп жазылат билдирүүдө.

Кыймылдын өкүлдөрү бийликке бир катар талаптарды койгон. Тагыраагы Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүнү токтотууну, Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстандын менчиги катары эч качан талаштуу болбогондуктан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну, бийлик эгер Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп берүү өтө маанилүү жана пайдалуу деп эсептесе, бул маселени жалпы элдик референдумга алып чыгуусун талап кылат.