Кен казуучу ишкананын 3 кызматкери аман-эсен табылды

Чаткал районуна караштуу Кара-Буура ашуусунда жайгашкан кен казуучу ишканадан 3 адам кечээ, 15-декабрда саат 19:00дө Каныш-Кыя айылын карай жолго чыгышкан. Алардын дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына саат 23:20да түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Ал жерге 4 куткаруучу саат 00:50дө барып, жоголгон жарандар саат 01:25те куткаруучулар тарабынан табылды. Учурда абалдары жакшы.