Кепилдиги миң жыл. Турдакун Усубалиевдин эстелиги эмнеден жана кайда жасалды?

Бүгүн, 11-мартта мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин кичи мекени Нарын облусунун Кочкор айылында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда көрүнүктүү ишмердин эстелигинин ачылышы болду.

Эстелик атайын буюртма аркылуу Екатеринбург шаарындагы Иван Дубровин аттуу атактуу эстелик куюучу устанын цехинен 1000 жылдык кепилдиги менен жогорку сапаттагы колодон 1,3 тонна салмакта куюлуп келген. Эстелик менен постаменти сапаттуу материалдан жасалган. Ал заманбап технология менен курулуп, бул аны жер титирөө жана башка табигый кырсыктарга туруктуу кылат. Эстеликтин бийиктиги 2,7 метр, жалпы постаменти менен жерден бийиктиги 8,7 метр.