Кербендеги ооруканада чыккан өрт. Министр Аксыга жөнөп кетти

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Аксыга жөнөп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

«Аксы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратында өрт чыкканы боюнча маалымат келип түшкөн. Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти. Жеринде Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору көзөмөл жүргүзүп жатат, акыркы маалыматы боюнча, оорулуулар башка бөлүмдөргө которулуп, эвакуацияланды, жабыркагандар жок», — деп айтылат маалыматта