Кербендеги өрт чыккан төрөтканадагы алты ымыркай Жалал-Абад облустук ооруканага которулду

Бүгүн, 13-мартта Аксы Жалпы дарыгерлик практика борборунда чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Каарманбек Байдавлетовдун маалыматы боюнча, аталган борбордун имаратында өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Аксы ЖДПБнын бир корпусунун чатыры толугу менен күйүп кеткен. Оорулуулар башка бөлүмдөргө которулуп, өздөрүнүн оорусуна ылайык дарыланууну улантып жатышат. Төрөт бөлүмүнөн жаңы төрөлгөн алты ымыркай Жалал-Абад облустук ооруканага которулду.