Уу-коргошун окуясы. Кесиптик коомчулук министрди илимий даражаларынан ажыратууну талап кылууда

Дарыгерлер Медициналык академиянын жана Билим берүү министрлигинин илимий кеңешинин мүчөлөрүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди илимий даражаларынан ажыратууну талап кылат. Бул тууралуу демилгечи Айсулуу Атаканова билдирди.

«Акыркы окуяларга байланыштуу, сиздерден сураныч, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин илимий даражаларын текшерип, жокко чыгарыңыз. Ал Кыргызстандын илимий коомчулугунун беделин түшүрдү, жүздөгөн профессорлордун жана илимдин миңдеген кандидаттарынын кадырын түшүрдү. Эгер илимий изилдөөчүгө мындай кадамдарга барууга мүмкүн болсо, анда Кыргызстандагы диссертациялардын жана илимий наамдардын эч кандай мааниси жок”, — деди демилгечи.

Анын айтымында, министр учурдагы мыйзамдарды гана бузбастан, медицинанын негизги мыйзамын — «зыян келтирбе» деген жана башка бардык илимий жана этикалык нормаларды бузган.

Бул демилгени далилдүү медицина жаатындагы белгилүү эксперт Бермет Барыктабасова да колдоду.

«Кыргызстандагы илимий жана академиялык чөйрө көз карандысыз, адилеттүү жана заманбап бойдон калууга тийиш. Илимий чөйрө президент тарабынан алмашылып турган бийликке баш ийбеши керек. Учурда укук коргоо органдары тарабынан адилеттүүлүккө ишенүүгө болбойт. КММАнын бүтүрүүчүлөрүнүн атынан мындай өзүм билемдикке жол бербөөнү суранам! Ар бир илимдин кандидаты жаңы ууларды же дарыларды адамдарга колдонуп көрүүнү үйрөнүшөт», — деди Айсулуу Атаканова.

Эске салсак, буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус менен ооругандарды уу-коргошун менен дарылоого болорун айтып, акыркы 12-13 күндө дал ушул дары менен 300дөй бейтапты дарылаганын билдирген. Анын айтымында, уу-коргошундун дозасын бир гана президент Садыр Жапаров билет. Мындан тышкары, министр уу-коргошунду түз эфирде ичип: «Мен мунун кепилдиги болуп берем, эгер дарыдан адам өлүмү катталса, мен жооп берем»,- деп айтканы да бар. Ал эми кечээ уу- коргошундун резиденцияда жасалып жаткандыгы айтылган болчу.