Кескиленген келиндин агасы: “Кабыргасынан кемирчек алып, кулак-мурун кошушат экен”

20-сентябрда Сокулуктун Селекция айылында мурдагы күйөөсү аялынын бетин, кулак-мурдун кескилеп кыйнаган үрөй учурган окуя катталган. Келин алган оор жаракаттарынан улам ооруканага түшкөн. Биз дал ошол келиндин азыркы абалын билүү үчүн анын апасы, агасы жана анын операцияларынын бирин жасоо милдетин алып жаткан түркиялык дарыгер менен сүйлөштүк.

Мен укканда Италияда отура алган жокмун. Жакынкы күнгө билет алып, учуп келдим. Зордуктоо боюнча 8 жылга кесилди. Бул иш боюнча документтер топтолуп жатат. Мен Кыргызстанда болсом, жакшы карамакмын. Карындашым Италияда 3 жумушта иштеп жүрүп, үй алды.

Түрк дарыгерлери кабыргасынан кемирчек алып, кулак-мурун кошушат экен. Азыр 10 миң доллардай чогулду”,- деди агасы.