Кескиленген келиндин жактоочусу: “Министрлик Түркияга операция жасатууга жибере албайт экен”

Күйөөсүнүн колунан кулак-мурду кескиленген Аселдин кулагы менен мурун кемирчегин калыбына келтирүүгө Саламаттыкты сактоо министрлиги Түркияга жөнөтө албайт. Бул тууралуу келиндин жактоочусу билдирди.

Биздин өлкө 2014-жылы келишим түзгөн, ага ылайык Түркия Кыргызстандан квота менен операция жасап бермек. Көрсө, келишим бир тараптуу бузулуп, квота жок экен”, — деди жактоочу.