«Кичине тынчып турбайлыбы?»: Балбак Түлөбаев ооруканадан кайрылуу жасады (Видео)

Кызматтан кеткен Балбак Түлөбаев ооруканада жатканын айтып, кайрылуу жасады.

«Урматтуу шаардыктар, журналисттер бүгүн да чалып, сиз кетериңиз менен митинг башталды деп жатышат. Мен өзүм ооруканада жатам. Митингге чыккандарга кайрылам. Кичине тынчып турбайлыбы? Жакында апрель айында толук мыйзамдуу талаага барабыз. Конституцияны бекитебиз, ошондо өлкө башчы толугу менен ишке киришет.

Шаар өсүшү керек, дүйнө эли Кыргыз өлкөсүн карап турат. Шаардагы адамдар иштеш керек, көйгөйлөр өтө көп. Бири-бирибизге тоскоол болбой турбайлыбы. Эми азыр жаңы кызматка келген адам шайлана элек. Ал адамды колдоп берсек, ал шайлоого алып барып андан ары калабы же калбайбы чечилет да. Азыр ушул ишти колдоп жардам бербейлиби.

Чукулашып эле митинг кылып отура беребизби. Акылыбыз бар дегендей. Өзүбүздү же кандайдыр бир топту ойлой бербей, элге да тынчтык берели да. Мен силерден суранам, чыдап туралы, эми май айында жаңы мэр шайланып баары жакшы болот. Жаңы келген мэрди колдоп берип койгула», — деди Түлөбаев кайрылуусунда.