Кичинекей Байханга да акча чогултуу жабылды (видео)

Булчуң атрофиясы менен жабыркаган Байханга да акча чогултуу жабылды. Бул тууралуу акча чогултулуп жаткан социалдык тармактагы баракчага жарыяланды.

«Кыргыз элим, сиздерге чоң рахмат. Жардам кылып жатканыңарга чоң рахмат»,- деди атасы.

Буга чейин Кыргызстанда чанда кездешкен ооруга кабылган 1 жаш 11 айлык Хамза Ташбаевге илдетин жеңүүгө керек болгон Zolgensma уколуна делген 170 миллион сом чогулуп, акча чогултуу жабылган. Көп өтпөй Асланга да акча чогултуу жыйынтыкталган.