Бөбөктөр чогулткан акчасын Баткенге жардам катары берип жатышат (сүрөт)

Балдар чогулткан каражаттарын Баткенге жардам катары жиберишүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Баткенде чек арадагы окуядан жабыр тарткандар үчүн өлкөнүн башка аймактарынан балдар чогулткан акчасын жиберишүүдө. Балдардын жардамын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу боюнча комиссиясы кабыл алган. Аты жөнү белгисиз болгон эки баланын топтогон 3215 сом каражаты өкүлчүлүктүн атайын эсебине которулган.