«Кичинесинен ырдайт». Аккордеон менен жарамазан айтып, мактоого татыган өспүрүм тууралуу маалымат (сүрөт, видео)

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу балдардын жарамазанды аткарган видеосу менен бөлүшкөн. «Жарамазанды ушинтип ырдайт, көчөдө эмес, үйлөрдө. Бул видеону көргөн балдар үлгү алышат деп үмүттөнөм», — деп жазган ал.

Видеодо ырдап жаткан бала көпчүлүктүн мактоосуна ээ болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине видеонун Бакай-Ата районунун Үрмарал айылында тартылганы маалым болду. Агасынын айтымында, видеодогу анын 5-класста окуган иниси Бакыткелди Кененбеков.

«Иним 2011-жылы туулган. Учурда 5-класстын окуучусу. Аккордеонду агайынан үйрөнгөн. Атам да жакшы ырдайт. Иним кичине кезинен эле жакшы ырдайт. Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдык мааракесине карата өспүрүмдөр арасындагы сынакта 1-орунду алып келген. Жарамазанды быйыл эле айтып жатат», — деди агасы.