Киев көчөсүндөгү эски имарат оңдолот (сүрөт)

Киев көчөсү №135 дарегинде жайгашкан эски имарат  оңдолот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаардыктар жана бул имараттын тургундары Бишкек шаарынын мэриясына имараттынын маңдайкы бөлүгүн оңдоо боюнча бир нече жолу кайрылышкан. Жумушту жүргүзүү үчүн борбордун тышкы көрүнүшүнө кайдыгер карабаган жана кызматташууга даяр демөөрчүлөр тартылат. Биринчи Май районунун башчысы Максат Нусувалиев үйдүн фасадын калыбына келтирүүгө киришүүдөн мурун, ага байланыштуу бир катар жумуштарды бүтүрүү керектигин белгиледи. Негизги максаты — шаардын борбордук бөлүгүнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу.