Кийинки айга пенсияга акча жок дешүүдө

Социалдык фонд 2021-жылдын январь айынын пенсиясын төлөө үчүн Финансы министрлигинен колдоо күтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн парламентте фонддун башчысынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, Соцфонд декабрь айынын пенсиясын убагында төлөйт, кийинки айга акча каражаты жок. “Эч кандай кечиктирүү болбойт. Январда Салык кызматы планды аткарбаса, анда Финансы министрлиги камсыз кылып турат. Акча жагынан кыйынчылыктар болуп жатканына карабай, пенсия убагында төлөнөт”, — деди Жуматаева. Буга 2020-жылдын аягында пандемияга байланыштуу социалдык төлөмдөрдүн көлөмү 2 миллиард сомго кыскарышы күтүлүп жатканы негиз болууда.

Фонддун киреше бөлүгү азайганына байланыштуу учурда элге жакпай турган кадамдар каралып жатат. 2019-жылы 47 миң Кыргыз жараны пенсияга чыгышкан, анын жарымы жаш курагынан эрте пенсияга чыккандар. Жуматаева мунун баарын карап чыгуу керектигин, жаш курагынан эрте пенсияга чыгып жаткан жарандарды документтерин каттоо иштерин жарым жылга коё турууну сунуштады.