Кийинки аптада бишкектик окуучулардын бир бөлүгү мектепке кайтышат

Бишкектин мектептери мурда бекитилген планга ылайык ишке киришкени жатат. 18-январдан тартып 1-, 5-, 9- жана 11-класстардын окуучулары мектепке барып окуй башташат. Класстар эки топко бөлүнөт, биринчиси эртең менен, экинчи түштөн кийин мектепке келип, окуучулар парталарга шахматтык тартипте отурушат. Ата-энелер балдарына бет кап сатып берүүсү керек. Эгерде баласынын ден соолугу үчүн чочулоо болсо, анда үйдөн деле окуусун улантууга уруксат берилет. Борбор калаанын мэриясы мектеп жана бала бакчалар үчүн 7 миллион сомго жакын акча коротуп, дезинфекциялык каражат сатып алган.

“Бишкектин тургундары бала бакча, мектеп, университеттердин ачылышын суранып жатышат. Ата-энелерди уга келсек, алар балдардын үйдө болушунан улам көйгөй көп болуп жатканын айтышууда. Эгерде жакын арада ачпасак, анда алар аянтка чыгабыз дешүүдө”, — дейт вице-мэр Айжан Чыныбаева.

1-февралга чейин мониторинг жүргүзүлөт, эгерде көрсөткүчтөр туруктуу сакталса, анда жогоруда айтылган 4 класстан башка класстын окуучулары мектепке келип, билим алуусун улантышат.