«Кийинкиси ким?». Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу даректүү тасма тартылды

Ала качуу жана Айзада Канатбекованын өлтүрүлүшү тууралуу даректүү криминалдык тасма тартылды. Тасманын бет ачары 27-февралда “Ала-Тоо” кинотеатрында саат 19:00дө болот.

Кинорежиссер Султан Усувалиев 24.kg агенттигине «Кийинкиси ким?» тасмасында 2021-жылдын 5-апрелинде топ адамдар тарабынан ала качылып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова тууралуу бандалат. 

«Тасмада кызды куугунтуктоо жана аны никеге турууга мажбурлоо, ала качуу жана башка кыргыз коомчулугунда көнүмүш адатка айланган жүрүм-турум жагдайлары чагылдырылган», — деген режиссер. 

Айзада Канатбекованы 2021-жылдын 5-апрелинде уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин уурдаган жарандын жана кыздын жансыз денеси унаадан табылган. Адам уурдоого шектелип 5 жаран кармалган жана ал жарандарга карата сот өкүмү чыккан. Үч айыпталуучу 7 жылга, эки айыпталуучу 6 жарым жылга эркинен ажыратылган. Күнөөлүүлөр Айзада Канатбекованын жакындарына моралдык жана материалдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилген.