«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова  48 жаш каза болду. Бул тууралуу маркум жетектеген фонд билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум узакка созулган оорудан улам каза болгон.
Айдай Асангулова көрүнүктүү маданият ишмери, уз-чебер, сүрөтчү-конструктор, дизайнер, изилдөөчү, этнограф, кыргыз улуттук кийимдеринин мыкты адиси болгон.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты (жаназасы) 27-январь күнү, саат 11:00 Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кызыл-Туу айылы, Капчыгай көчөсү, 91-үйүндө өтөт.